Оштун тазалык сакчылары

03:00 – бул шаардагы тазалык кызматкерлеринин иш күнү башталган саат
Эртең менен турдуңуз да саат тогузда жумушка жетишүү үчүн шашылып үйдөн чыктыңыз. Таңдын таза абасы, шаардын таштандысыз таза жолу көңүлүңүздү көтөрөбү? Сизге мындай маанайды тартуулап, каланы ирээтке келтирген тазалык сакчылары кимдер деп ойлонуп көрдүңүз беле?

Чынара Осмонова 7 жылдан бери ар күнү түнкү саат 2.30да турат. Саат үчкө карай "Ош тазалык" муниципиалдык ишканасынын автобусу аны үйүнөн алып кетет да тазалоочу аймагына жеткирет. Анын милдети – шыпыруу. Аймагы – Оштун кире бериш дарбазасынан Ысакбек Монуев көчөсүнө чейин.

Чынара эже мектепти бүтүп, жогорку окуу жайына тапшырган эмес. 5 баласы (1 кыз, 4 уулу), 4 небереси бар. Эң улуу кызы 33 жашта.

«Балдарым башында каршы болуп жүрүштү. Акырындык менен түшүнө башташып, азыр көнүп калышты».
— Чынара Осмонова
Түнкү жумуштун түйшүгүнөн тобокелдиги көп
Өзүнө бөлүнгөн аймакты Чынара эже түн жарымдан баштап түшкө чейин тазалайт.

«Жумушка келүү үчүн түнкү саат экиде ойгонобуз. Бул мен үчүн оор эмес. Көчөнү шыпырганыма уялбайм, тескерисинче сыймыктанам. Анткени менин эл менен шаарга пайдам тийип жатат», — деп түшүндүрдү ал.

Түнү башталган жумуштун кыйынчылыктары бир топ. Мастар, ал тургай соо адамдар деле көчө шыпырган аялга жагымсыз сунуштарды айтып көрүшөт.

Чынара эже башынан өткөн андай окуяларды кеп салганча, айрымдардын орунсуз аракетине өзүбүз да күбө болдук. Өтүп бараткан унаалардын айдоочуларынын көбү ар кайсыны сүйлөп жатышты.
«Жаш эле балдар келип, "тамактанып" же "көңүл ачып келбейлиби" дешет. Мындайда аларга үн катпаганым менен аябай капаланам. Жакындагы эле окуяны айтып берейин: мен күндөгүдөй жумушумду кылып жатканда, жашы бир топко барып калган эле кийими жок киши мен жакка кыйкырып келе жатты. Дендароо болуп туруп калдым. Жол четинде турган такси ээлери да жардам беришкен жок. Кудайдын кудурети менен ал мага жетпей, темтеңдеп жыгылып түштү. Мындай учурлар көп эле болот».
— Чынара Осмонова
Анын маянасы - 7800 сом
Чынара эже түнү башталган оор жумушу үчүн 7800 сом айлык алат.
Бирок ага да каниет кылып иштейм дейт ал.

«Мен жасаган жумушума уялбайм. Анткени уурулук кылып жаткан жокмун, бирөөгө зыяным жок. Айлыгым аз болгону менен бул жумуш мага чоң сооп алып келип жатат. Түшүнгөндөр батасын да беришет. Андайда кубанып каласың», — дейт каарман.


7800 сом. Бул акчага Чынар эже эмне сатып алат?
Көчө шыпыргандардын бир айлык маянасын азык-түлүккө бөлгөндө жарытарлык деле тамак-аш келбейт.

1 кап ун - 1400 сом
2 килограмм эт - 600 сом
5 литр май - 450 сом
4 килограмм күрүч - 350 сом
4 килограмм макарон - 160 сом
3 литр сүт - 80 сом

Майда азыктарга жана жашылча-жемиштерге бир айда 1000 сомдун тегерегинде акча сарпталат. Баарын кошкондо 4000 сомду түзөт.

Бирок, Чынара Осмоновадай көп балалуу үй-бүлө үчүн биз эсептеген азык-түлүктөр аздык кылышы мүмкүн.

Биз үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийим-кечесин, күнүмдүк чыгымдарын эске алган жокпуз.
Он саатка созулган жумуш. Түндө башталган иш түштө бүтөт.
А сиз жумушуңузга жеттиңиз, көп өтпөй саат 12де түштөнүүгө чыктыңыз. Бирок, бул учурда деле биздин тазалыкты камсыздагандар ишин бүтө элек...

Ош шаарынын көчөлөрүн Чынара эжеге окшогон дагы 179 аял шыпырат. Андан сырткары 600 көп кабаттуу үйдүн короолорун 47 кызматкер тазалап чыгат. Ал эми таштандыны 30дан ашуун кызматкер шаар сыртындагы полигонго ташып, төгөт. Албетте, 6 техниканын жардамында. Таштандыны түшкү саат 10го чейин шаардан алып чыгуу кажет.
Тазачылыкчылардын иши сан менен
"Тазалыктын" 1 кызматкери 1200дөй адамдын таштандысын жыйнайт десек болот. Анткени ички мигранттарды кошкондо азыр Ош шаарында жарым миллион адам жашайт. А муниципалдык мекемеде болгону 426 жумушчу бар.

Ош шаарынан күнүнө 1200-1300 куб метр таштанды чыгарылат. Жыл башынан бери 290 883 куб метр таштанды чыгарылды.

"Ош-Тазалык" ишканасынын азыр 220 миң 250 абоненти бар. Бирок кызматкерлердин айтымында, шаардыктар үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын жашырып коет.

Эгер биз Ош шаарында азыр жарым миллион адам жашап жатканын эске алсак, алардын тең жарымы таштанды үчүн акы төлөөдөн качат.

Көп кабаттуу үйдөгүлөр таштанды үчүн айына 20 сомдон, жер үйдөгүлөр 25 сомдон төлөшөт.

Август айына чейин болсо абоненттерден, коммерциялык жана бюджеттик мекемелерден жалпы 53 миллион 386 миңден ашуун каражат жыйналды. Бирок муну менен абоненттердин мекемеге карызы жок деп айтууга болбойт.
Ош шаарындагы абоненттердин таштынды үчүн карызы 25 миллион сомго жетти.
Авторлор:
Алтынай Балтабаева
Гүлжан Эшбаева
Адина Досумбетова
Made on
Tilda